Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда 11-апрелде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык, «Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Кол коюлган жарлыкка ылайык:
- Кармышаков Улукбек Тойчуевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалды.
- Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.
- Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Коргоо министри болуп дайындалды;
- Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Тышкы иштер министри болуп дайындалды;
- Чынбаева Асел Рыспековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Юстиция министри болуп дайындалды;
- Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;
- Купешев Болотбек Душекович Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;
- Иманалиев Кайрат Олжобаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрт болуп дайындалды;
- Ажикеев Бообек Эргешевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;
- Ниязбеков Улан Омоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Ички иштер министри болуп дайындалды;
- Абдралиева Гүлмира Курманбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды;
- Турдубаев Кубанычбек Апышевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды;
- Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Айыл, токой жана суу чарба министри болуп дайындалды;
- Шыкмаматов Алмамбет Насырканович Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри болуп дайындалды;
- Кутманова Динара Асиевна Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалды;
- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.