Министрлик Василий Дашковдун кызматтан кеткенин ырастады

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма өз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Василий Дашков ден соолугунун абалына байланыштуу өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Аны бошотуу тууралуу буйрукка 25-мартта премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. 

«Белгилей кетүүчү жагдай, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызматкерлеринин маянасынын көтөрүлүшү жана темир жол куруу боюнча маалыматтар бурмаланган. Аталган маалыматтар иштеп чыгуу этабында турат», — деп айтылат маалыматта.