Мирбек Расулов башкы прокурордун орун басары — Аскер прокурору болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Расулов Мирбек Алишерович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору Мукашов Сагындык Болотбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.