Дүйшөмбү, 27.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө «Ала-Тоо Резорт» ири тоо-лыжа кластеринин курулушун баштап берди

15:35 08.08.2025
0
Садыр Жапаров Ысык-Көлдө «Ала-Тоо Резорт» ири тоо-лыжа кластеринин курулушун баштап берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө «Ала-Тоо Резорт» – жөн гана комплекс эмес, улуттук экономикабыздын көтөрүлүшүнө олуттуу салым кошо турган, элдин турмушуна жаңы дем болуучу, дүйнө жүзүнө кыргыз жеринин табиятын таанытып, ата мурасын даңазалай турган ири долбоор экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы долбоор төрт мезгилде тең иштей турган, эл аралык стандарттарга жооп берген, Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири тоо-лыжа жана экотуризм кластерине айланарына ишеним билдирди. Биринчи этапта ал Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак аймактарын камтыйт жана азырынча негизинен Ысык-Көл өрөөнүнүн тургундарына белгилүү. Бирок келечекте, ишке ашырылышына жараша, «Ала-Тоо Резорт» дүйнөлүк маанидеги туристтик багытка айланат.

Садыр Жапаров билдиргендей, жакында Караколдон тоо-лыжа комплексине чейин төрт тилкелүү жолдун курулушу башталат. Кийинки жылдын күз айларына чейин жолду толук асфальттап, ушул жерге чейин жеткирүү пландалууда. Андан тышкары Каракол аэропортунан ушул жерге чейин өлкө жарандары үчүн да, чет элдик туристтер үчүн да тик учак каттамдары уюштурулуп, бир кыйла ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Президент бул өлкө тарыхында биринчи жолу ишке ашырылып жаткан ири туристтик долбоор экенин, аны түзүүгө жарандар көптөн бери чакырып келгенин, бирок ушул убакка чейин демилге көтөрүп, аны ишке ашырууга эч ким аракеттенген эместигин белгиледи.

Садыр Жапаров курулуш аяктагандан кийин долбоордун алкагында 250 чакырымга жакын лыжа трассалары салынарын, узундугу 4 чакырым болгон заманбап аркан жолдору орнотуларын, 4 миң унаага ылайыкталган токтотуучу жай, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору жана мейманканалар куруларын билдирди. Курорт жылына эки миллионго чейин туристти кабыл ала алат, ал эми туруктуу жумуш орундарынын саны беш миңге жакын болот.

Президент долбоор жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү каражаттын, жаштар үчүн Мекенинде иштеп калууга өбөлгөнүн, жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун булагы болорун баса белгиледи. Ал ошондой эле ушул жылдын 15-июлунан 18-июлуна чейин Жыргалаңда туристтик шаарча курууга арналган 49 жер тилкеси ачык аукционго коюлганын эске салды. Алардын ичинен 14үнүн ээлери аныкталды. Жеңүүчүлөрдүн бардыгы мекенибиздин келечегине ишенген, атуулдук деми бийик кыргызстандыктар экени өзгөчө кубандырат. Муну менен катар курулуш иштери эл аралык экологиялык стандарттарга шайкеш жүргүзүлөт. Курорт табигый кар менен кошо жасалма кар жаадыруу ыкмасы аркылуу жылына жети айга чейин иштей алат. Келерки жылы биринчи фазасын эксплуатацияга берүү пландалууда, ал эми декабрь айында Жыргалаңда тоо-лыжа зонасы ишин баштайт. Курорт чет өлкөлүк туристтерди да, өзүбүздүн жарандарды кабыл алууга даяр болот.

Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров мейманканалар жана туристтик объектилер курула турган жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды тапшырды.

 

1 / 3
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:08 22.04.2026
0

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык-экономикалык багыттагы актуалдуу маселелер козголду. Депутат Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетине байланыштуу жагдайды көтөрүп, окуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

14:26 27.04.2026
184 миңге чукул билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

184 миңге чукул билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

14:16 27.04.2026
Министрлик электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар боюнча түшүндүрмө берди

Министрлик электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар боюнча түшүндүрмө берди

14:13 27.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү