Мирбек Шамырканов Чоң-Алай районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Шамырканов Мирбек Турдубекович Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.

Буга чейин Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев Кара-Суу районунун акими болуп дайындалган болчу.