Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесине, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгына ылайык, Жекшенов Мирлан Ратынбекович Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.
Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү
Бүгүн, 4-декабрда, Исламабад шаарында Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министр Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы иш сапардын...











