Мирлан Самыйкожо: «Президенттин саясатына эмес, тууну алмаштырууга каршымын»

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо туунун чечмеленишин айтып берип, ал арада демилгечи депутат менен да кайым айтышты.

Желекти өзгөртүүнү демилгелеген Улан Примов тууга өзгөртүү эмес, жакшыртуу, толуктоо киргизип жатканын билдирди.

«Адамзаттын кашы экөө эле. Эми ошол эки каштын үстүнө эки кашты койсок, өзгөрүп калган болобузбу же түздөлүп калган болобузбу?» — деди депутат Самыйкожо. 

Демилгечи депутат Улан Примов желек менен адамзаттын бетин салыштырууга болбой турганын айтты. «Кантип каштын үстүнө тартышы мүмкүн?» — деди ал.

Самыйкожо президенттин саясатына каршы эмес экенин айтып, желекти алмаштырууга каршы экенин билдирди.