Москва Бишкекке газды арзандатпай койду

Кечээ Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутаттар “Газпром Кыргызстан” компаниясынын ишин сындашып, көгүлтүр оттун баасы кымбат болуп жатканы үчүн эл электр тогу менен жылытууга өтүп жатканын айтышты. Мындан улам, жаратылышы газынын тарифин ылдыйлатуу маселеси көтөрүлүп, компанияга бааны карап чыгууну тапшырышты.

Ушул эле жыйынга катышкан Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчисинин орун басары Вероника Исаева 1 миң метр куб үчүн бааны 150 доллардан 100 долларга түшүрүү тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн катына Орусия тарап макул болбогон жоопту жөнөткөнүн билдирди.