Москвада Орусиядан Кыргызстанга дан жеткирүү талкууланды

Кечээ, 17-мартта Москва шаарында жумушчу сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Бириккен дан компаниясы» АК башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту. Анда Орусиядан Кыргызстанга дан жеткирүү маселеси, мындай ташуулардын көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жана Кыргыз Республикасында «Бириккен дан компаниясы» АК филиалынын ишине көмөк көрстөтүү боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

«Бириккен дан компаниясы» АК  – бул дүйнөлүк рынокто орусиялык дандын потенциалын ишке ашырууну камсыздоочу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору. Өзүнүн уникалдуу инфраструктурасынын аркасында компания дүйнөдөгү азык-түлүк мобилдүүлүгүн жогорулатууга салымын кошуп, Орусиянын азык-түлүк данын экспорттоочу эң ири 5 өкүлүнүн катарына кирет.