Москвада шайлоо тикесинде кезекке турган кылкылдаган шайлоочулар

Москвадагы Кыргызстандыктардын шайлоого катышуу үчүн кезекке турган видеосу соцтармактарда тарады. Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоосу өтүп жатат.

БШКнын маалыматына ылайык, Кыргызстандан сырткары Орусия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия, Монголия, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Пакистанда 100гө жакын шайлоо участогу ачылып, иштеп жатат.

Кошумчалай кетсек, өлкө аймагы боюнча саат 14:00гө карата шайлоого катышуу 19,00%ды түзүп,  815 766 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.