Депутат Мурадыл Мадеминов: «Баткен облусунун келечегин талкалаган — өкмөт!»

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйында күн тартибине киргизилген долбоорлор талкууланды.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов менен Мурадыл Мамеминов Баткен облусуна өзгөчө макам берүүдө биринчи жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууну эске алуу керектигин айтышты.

“Баткен облусуна ишканаларды куруп инвесторлор менен иштешүүгө шарт түзүп, тургундарды жумуш менен камсыз кылсак экономикабыз өнүгөт. Буга чейин Баткендеги көптөгөн ишканаларга бут тосуулар болуп жок кылынган. Кызыл-Кыя цемент заводун өкмөт Ошко өткөрүп берген. Кадамжай сурьма комбинаты, Айдаркен сымап комбинаты карызы бар делип жабылып калган. Азыркы учурда сымаптын баасы дүйнөдө болуп көрбөгөндөй жогорулаган. Колдо бар нерселерди иштетсек эканомикалык жактан өнүгүүгө шарт түзүлмөк. Ишканаларды кайра ачууга өкмөт тоскоолдук жаратты. Ишкерлерге колдоо көрсөтүлүшү керек”— деп билдирди депутат.