«Мурда министрдин орун басары болгон». Ош мэри өзүнө кеңешчи дайындады

Санталат Аманова Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду.

Буга чейин Аманова Санталат Абдылдаевна Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Маданият министринин орун басары, Жогорку Кеңеште эмгектенген.