Мурдагы депутат Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кол койду.

Алымбаев Алайбек Анаркулович 1980-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясын (магистратура), 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын, 2014-жылы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия Славян университетин бүтүргөн.

Мамлекеттик-жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолун 2001-жылы Ош облустук Балдардын чыгармачылык борборунда ийрим жетекчиси болуп баштаган.

2002-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Басма сөз кызматынын жетекчиси, тарых мугалими, Жаштар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын референти, 2006-2008-жылдары Жогорку Кенештин аппаратынын социалдык саясат комитетинин жана эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча комиссиясынын бөлүмүнүн улук консультанты, Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин бөлүмүнүн консультанты кызматтарын аркалаган.

2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын жардамчысы, 2016-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт болуп иштеген.

2021-жылдын октябрынан декабрына чейин VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

Ал эми 2022-жылдын ноябрь айынан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.