Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 1-СИЗОдон башка мекемеге которулат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 1-СИЗОдон башка мекемеге которулат. Бүгүн, 27-октябрда атайын комиссиянын жыйында бул маселе каралганы жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мурдагы президент 1-СИЗОго Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен жеткирилген. “Андан кийин жалпы режимдеги камерага жайгаштырылган. Атамбаевдин ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу арызы мекеменин администрациясына келип түшө элек. Ал эми начар шарттар тууралуу айтканы калп. Канализация иштейт, бардык камералардын эшиги жабылат жана күзөтүүдө турат. Изолятордо видеокамералар бар”, — деп жооп беришкен Жазаларды аткаруу кызматынан.

Кечээ күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго которушуп, ал ачкачылык жарыялаган болчу.
Жактоочулары Атамбаевдин ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан №47 колониянын ооруканасына которууну өтүнүшкөн. “Мурдагы президент бронхит болуп, кан басымы да ылдыйлап кеткен. Бирок аны эч кандай шарты жок 1-СИЗОго которуп коюшту. Камерасы жер төлөдө жайгашкан жана анда мурда өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалчу. Канализациясы иштебейт, камеранын эшиктери жабылбайт. Мындай шарттардан улам Атамбаев ачкачылык жарыялады”, — деген жактоочусу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 6-октябрга караган түнү тарапташтары УКМКнын СИЗОсунан чыгарып кетишкен. 10-октябрда ал бир күн мурдагы митингге байланыштуу массалык башаламандык уюштуруу боюнча кармалган.