Мурдагы президенттердин жолугушуусу. Алмазбек Атамбаев үн катты

Кечээ, 18-февралда президент Садыр Жапаров жаңы пост жазып, мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургузганын жазган.

Бүгүн, 19-февралда Алмазбек Атамбаев социалдык тармактагы баракчасында жолугушуу боюнча үн катты. «Ооба, экс-президенттердин жолугушуусу болду, мен ага катыштым. Ага чейин мага жолугушууда мурдагы президенттер болот деп айтышкан эмес. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев мурдагы таарынычтарды унутуп сүйлөшүү үчүн жолугушууга чакырып жатышат деп айтышкан. Жакшылыкты унутпайм, ошон үчүн алардын чакыруусунан баш тартпай, Испания элчиси менен боло турган жолугушууну жылдырып бардым. Мени Испания өкмөтүнүн төрагасы Педро Санчес дарыланууга чакырганын билесиздер. Мен дагы өлкөнүн тынчтыгын жана биримдигин колдойм. Жолугушууда да муну айттым, президент Жапаровдун жакшы ниетин баалай турганымды билдирдим. Бирок анын аягында эч ким менен коштошпой чыгып кетишимди шарттаган кырдаал жаралды», — деп жазды Атамбаев.