Мурдагы президенттердин жолугушуусу. Аскар Акаев өз пикирин билдирди

Мурдагы президенттердин жолугушуусу боюнча Аскар Акаев өз пикирин билдирди. Анда Садыр Жапаров шайлангандан бери 2 жылда мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында ийгиликтер болгону белгиленген.

Экс-президент бул жолугушуунун түздөн-түз катышуучусу катары ага элдин жогорку кызыкчылыгына, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого негизделип уюштурулганы айдан ачык экенин айтты. «Жеке мен бул демилгени колдоп, Кыргызстандын бакубат келечеги жана коомдогу стабилдүүлүктүн бекемделиши үчүн кесиптештеримди макул болууга жана колдоого чакырдым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дагы Кыргызстандын элин жалпы эл тарабынан шайланган президент Садыр Жапаровдун тегерегине биригүүгө жана азыркы түзүлгөн ыңгайлуу кырдаалдан пайдаланып, гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн экономикалык көтөрүлүш жасоого чакырам!» — деген ал.

18-февралда президент Садыр Жапаров жаңы пост жазып, мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургузганын жазган. 19-февралда Алмазбек Атамбаев социалдык тармактагы баракчасында жолугушуу боюнча үн катып, аягында эч ким менен коштошпой чыгып кеткенин жазган.