Нариман Түлеев: «Партиялаштарымдын таасири болсо, өткөндө мэр болуп отуруп калмакмын»

Партиялаштарымдын таасири болсо, өткөндө мэр болуп отуруп калмакмын, инаугурацияга да барат элем. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда экс-депутат Нариман Түлеев СуперТВ телеканалында «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында жакында эле Жогорку Соттун чыгарган чечимине партиялаштарынын таасири болгон эмес.

«Партиялаштардын таасири болсо, мен өткөндө мэр болуп отуруп калмакмын. Бул бир. Экинчиден, партиялаштарымдын таасири болсо, инаугурацияга барат элем да. Чакырышкан жок. Мисалы, ошол жерде алар тарапка катуу сөздөрдү айткандар жүрдү. Аларга караганда мен жакын элем да. Үчүнчүдөн, сот октябрдан бери болуп жаткан. Мен сот болуп жатканда жок болчумун. Анын чечимин 10 мүнөт калганда билип калдым», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Сот үч инстанциянын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Ленин райондук сотуна жиберген эле.

Маектин толук версиясы шилтемеде.