Нарматова депутаттык мандатынан кол жууду. Анын диплому кайра чакыртып алынды

Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын жогорку билими тууралуу диплому кайра чакыртып алынганы БШКнын жыйынында маалым болду. Ага чейин БШКга УКМКнын материалдары келип түшкөнү айтылган. УКМКдан депутат дипломун мыйзамсыз алганы тууралуу маалымат тараткан эле.

УКМКнын өкүлү Орусияга Орозайым Нарматованын Москвадагы бизнес-колледжде окуганын тастыктоо үчүн сурам жөнөтүлгөнүн кабарлады. Анын айтымында, депутат тергөөгө колледжди аяктагандыгы тууралуу дипломдун түп нускасын берген эмес. «Суракта Нарматова ЖОЖго тапшырууда түп нусканы кабыл алуу комиссиясына бергенин айткан. Бирок бул документ архивден табылган жок. Андан тышкары, өздүк ишинде ЖОЖго кабыл алынуусу тууралуу арызы жок, бизнес-колледжди аяктагандыгы тууралуу документтин көчүрмөсү жана түп нускасы жок», — деди ал.

Билим берүү министрлигинин өкүлү ЖОЖго тездетилген программа боюнча тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими же жогорку билим барлар тапшыра аларын айтты. «Нарматова тапшырууда Москвадагы бизнес-колледждин «бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча дипломду берген, бирок ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «журналистика» багыты боюнча окууга кабыл алынган. Бул мыйзам бузуу болуп саналат», — деди. Ошондой эле, текшерүүдө Нарматованын ЖОЖдо эки семестр учурунда өлкөдө болбогону, демек, сынакты тапшырбаганы аныкталды. Бул фактыларды эсепке алуу менен ЖОЖдун ректору кечээ, 19-январда депутаттын дипломун чакыртып алуу тууралуу буйрукка кол койду.

Маалыматтар угулган соң, БШК Орозайым Нарматованын Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталганын жокко чыгарды.

Мыйзамга ылайык, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз жараны депутат болуп шайлана алат.