Нурил Алымбаев президенттин Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нурил Алымбаев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы жетекчини жамаатка тааныштырды. «Жарандардын ар бир кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек. Кандай гана маселе болбосун бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, ыкчам жана так чечилиши тийиш. Чүй облусунун жетекчилиги жер ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, токтоп турган өндүрүш ишканаларынын ишин жандандыруу, облуста 18 кичи ГЭСти куруу долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл», — деди Акылбек Жапаров.