Нуржигит Кадырбеков: «Бөрк ал десе, баш алгандар башчыны уят кылбагыла»

Мындан эки күн мурда 20дан ашуун саясатчылар жана жарандык активисттердин үйүндө тинтүү жүрүп, кармалып, андан ары алар камакка алынышты. Ички иштер министрлигинен бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Биз массалык кармоолорго байланыштуу депутаттардын пикирин билип көрөбүз.

Депутат Нуржигит Кадырбеков жаңылыктарды окуганда көңүлү чөккөнүн айтты. «Биз демократия жагынан алдыга кеттик эле. Бөрк ал десе, баш алгандар башчыны уят кылбагыла. Канча адам болсо, ошончо ой, позиция болот. Ошол пикир үчүн мынча катаал чара болбошу керек. Комментарийлерди карасам «чала болуптур», «ошол жакта чирип кетсин» деп жазышыптыр. Ошол өз башына келип калышы мүмкүн. Бул туура эмес иш болду», — деди ал.