Нурланбек Шакиев 3 депутат менен Орусияга кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Орусияга иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, аталган жыйындарга ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринен тышкары, байкоочу макамындагы мамлекеттердин өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө.

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.