Нурланбек Шакиев: “Абдыганы Эркебаевич – эгемен кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн”

Бүгүн, 14-сентябрда парламентте белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына карата маарекелик иш-чара өттү.

Жыйынга төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле Абдыганы Эркебаевдин замандаштары катышты.

“Мен Абдыганы Эркебаевичти тажрыйбалуу саясатчы, улуу окумуштуу, чыгаан публицист жана сынчы катары эле тааныбай, акылы тунук, адамгерчилиги бийик, калыс инсан катары билем. Журналист катары алгачкы интервьюну ушул кишиден алгам. Абдыганы Эркебаевич кандай кырдаал болбосун өзүн майда-барат нерселерден бийик кармап, дайыма акыйкаттыкты жана калыстыкты туу туткан. Парламенттеги Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарын жетектеп, ири реформалардын башында турган”, – деген төрага эгемендүү кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөндөрдүн катарында Абдыганы Эркебаев бар экенин эске салды.