Нурланбек Шакиев Аксыда өзү окуган мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районуна иш сапары менен барды. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Кара-Жыгач айылындагы Асанбек Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө мектебинин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Буга чейин төрага 100 окуучуга ылайыкташкан аталган жаңы окуу имаратынын курулушу менен таанышып, ишти тездетүү талабын койгон. Анын курулушуна 93 миллион сом каралган. Аземде сөз сүйлөгөн төрага аталган мектептин эски имаратында балалыгы өткөнүн, кийин окуучуларга мектеп катары берилгенин эске салып: “Эми кайрадан жаңы мектептин ачылып жатышы, айыл эли үчүн чоң жаңылык. Мындай саамалык өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырылууда. Быйыл эле 100 мектептин курулушу жүргүзүлүп, айрымдары колдонууга берилүүдө”, – деди.

Мектептин ачылышына депутат Гүлшаркан Култаева, билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов баштаган жетекчилер, мектеп жамааты, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.