Нурланбек Шакиев Александр Лукашенко менен жолугушту

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Ага Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары да катышты.

Жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун учурдагы абалы жана анын келечеги талкууланып, кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттердин ролу жогору экени белгиленди. Ошондой эле Александр Лукашенко Парламенттик ассамблеянын ишин жакшыртуу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. Анын ичинен коргоо жана коопсуздук жаатындагы моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу маселелерине токтолду.

Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы иш сапарынын алкагында ЖККУ ПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин делегация башчылары менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Жеңиш монументине гүлчамбар да койду.