Нурланбек Шакиев Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Австрия Республикасынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка менен жолугушту.

“Кыргызстан Австрия мамлекети менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар. Айрыкча Жогорку Кеңеш парламенттик демократия жаатындагы бай тажрыйбаңыздарды эске алып, аталган багытта биргелешип иш алып барууга ынтызарбыз. Андыктан, бул расмий сапарыбыз өлкөлөрүбүз ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишеничтемин”, – деди Нурланбек Шакиев.

Жолугушууда экономикалык багыттагы кызматташтык тууралуу да сөз болуп, Төрага Кыргызстан айыл чарба, энергетика, туризм, билим берүү, транспорт, санариптештирүү өңдүү тармактар боюнча Австрия мамлекети менен кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады. “Айрыкча Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Бүгүнкү күндө гидроэнергетикалык потенциалдын 10-15%ын гана пайдаланабыз. Бул ички керектөөнүн 90%дан ашыгын камсыздайт. Андыктан, болгон мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү үчүн австриялык инвесторлорду кызматташууга чакырабыз”, – деди Нурланбек Шакиев.
Сөзүнүн соңунда Вольфганг Соботканы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка парламенттик дипломатия табияты окшош эки өлкөнүн байланышынын негизги өзөгүн түзөрүн белгилеп: “Биз үчүн Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан менен кызматташуу өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, алакаларды арттырып, парламенттер ортосундагы диалогду кеңейтишибиз керек”, – деди. Мындан сырткары, кызматташтыктын багыттары тууралуу сөз кылган Вольфганг Соботка калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жаатында Австрия заманбап тажрыйбага ээ экенин билдирип, бул жаатта кызматташууга даяр экендиктерин кошумчалады. Муну менен катар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында да тажрыйба алмашуу маселесин көтөрдү.