Нурланбек Шакиев Азербайжанга иш сапары менен кетти. Аны кайсы депутаттар коштоп жүрөт?

Жогорку Кеңештин төрагасы Азербайжанга иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Иш сапардын алкагында төрага Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларга катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Муну менен катар Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын Башкы кеңсесине барып, ишмердүүлүгү менен таанышат.

Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов коштоп жүрөт.