Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Элдик курултайга катышууда

Бүгүн, 15-декабрда төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарында өтүп жаткан экинчи Элдик курултайга катышууда.

Нурланбек Шакиев Курултайдын макамы баш мыйзамда белгиленгенин билдирип: “Былтыркы жолугушуубузда Курултайдын ишин жөнгө салган конституциялык мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кабыл алууну убадалаганбыз. Парламент ал убаданы аткарып, “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору колдонууга киргизилди. Ага ылайык, Конституцияга жана тиешелүү мыйзамга ылайык өткөрүлүп жаткан бүгүнкү экинчи Элдик курултайда өлкөбүздүн келечегин аныктаган, мамлекетибиз үчүн маанилүү маселелер талкууланат деген ишеничтемин”, – деди.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеште жасалып жаткан иштерге токтолгон төрага парламентте мамлекеттик тилдин макамын көтөрө турган конституциялык мыйзам долбоору кабыл алынганын эске салды. “Аталган мыйзам долбоору кыргыз тилинин өнүгүшү жана улутубуздун келечеги үчүн кызмат кылат. Жогорку Кеңеш анын аткарылышын сөзсүз көзөмөлгө алабыз”, – деди төрага.

Өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизген көйгөйлөр тууралуу да сөз кылып: “Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясатты күчтөндүрүү багытында да керектүү мыйзам долбоорлору иштелип чыгууда. Биз мамлекетти алдыга жылдырууга багытталган демилгелерди жана реформаларды мындан ары да колдоону улантабыз”, – деди.

Мындан сырткары, ички жана тышкы миграциялык агым, андан жаралган көйгөйлөр боюнча маселе көтөргөн төрага: “Айрыкча эмгек мигранттарынын балдары ата-энесинин мээримин көрбөй чоңоюп жаткандыгы өкүндүрөт. Алсак, тышкы жана ички миграциялык агымдан улам 88 миңдей бала жакындарынын колунда калган. Андыктан, калкты жумуш орундары менен камсыздап, келечек ээлерине кам көрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек”, – деп билдирди.