Нурланбек Шакиев Чжао Лэцзи менен жолугушту

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бээжин шаарында Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушту.

Төрага соңку жылдары эки өлкөнүн ортосундагы алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп: “Биз негизги стратегиялык өнөктөш өлкө катары Кытай менен калыптанган кызматташтыкты жогору баалайбыз жана мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча соода-экономикалык алакаларды арттыруу башкы максатыбыз. Анткени, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң”, – деди. Ага ылайык, аталган багыттагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине токтолгон Нурланбек Шакиев кыргызстандык оор жүк ташуучу унаалардын Кытай мамлекетинин аймагында жүрүүсүнө байланышкан айрым чектөөлөрдү алып салууну сунуштады.

Муну менен катар Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев анын ичинен салык саясатын жөнгө салуу жана инвесторлорго керектүү шарттарды түзүү багытында алгылыктуу иштер жасалып жатканын кошумчалады. “Кытай мамлекети жана кытайлык ишкерлер менен биргелешип, ишке ашырган долбоорлорубуз арбын. Айрыкча, энергетика, тоо-кен, логистика өңдүү маанилүү тармактарда жана инфраструктураны жакшыртуу жаатында жигердүү кызматташып келебиз. Мындан ары да аталган багыттарда кытайлык өнөктөштөр менен иштешүүгө кызыкдарбыз”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Андан тышкары, узак жылдардан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча маанилүү макулдашууга быйыл кол коюлганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Кылым курулушу аталган бул долбоордун ишке ашуусу аталган үч өлкө үчүн эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери үчүн пайдалуу экени анык. Андыктан, темир жолду ыкчам куруп, ишке киргизүүбүз кажет”, – деди. Жолугушууда маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселесине да токтолгон төрага: “Эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин байыртан бери келе жаткан маданий байланышын өнүктүрүү учур талабы. Ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо жана туризм өңдүү тармактарда да тыгыз кызматташып, узак жылдарды камтыган жакын коңшулук жана достук мамилелерди чыңдашыбыз керек”, – деп кошумчалады.

Мындан сырткары парламенттер аралык байланыштын учурдагы абалы тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев: “Төрагалардын деңгээлинде гана эмес, депутаттардын жана парламенттеги тармактык комитеттердин алкагында да алакаларды арттырып, жетишилген келишимдерди мыйзамдык жактан колдоо багытында жигердүү иш алып баруубуз зарыл”, – деди.

Өз кезегинде Чжао Лэцзи айтылган ар бир сунуш-пикир маанилуү экенин белгилеп: “Дүйнөлүк абалды эске алып, кызматташтыкты жаңы көз карашта өнүктүрүүбүз керек. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан менен кызматташуу биз үчүн өтө маанилүү. Эки өлкөнүн соода байланышын дагы жигердүү улантып, айрыкча сиздерде өндүрүлгөн айыл чарба продуктуларын Кытайга экспорттоо боюнча биргелешип иш алып баруубуз кажет. Андан тышкары, биз Кыргызстанда жаңы соода аянттарын ачууга даярбыз жана илимий-техникалык багытта да кызматташууга кызыкдарбыз. Тагыраагы, энергиянын жаңы булактарын ишке киргизүү, машина куруу жана заманбап технологияларды жайылтуу жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң”, – деди. Ошондой эле Чжао Лэцзи төрага айткан оор жүк ташуучу унаалардын каттамына байланышкан маселе боюнча ошол эле жерден тийиштүү жетекчилерге тапшырма берип, оң багытта чечилүүсүнө көмөктөшөрүн убада кылды.

Жолугушууда тараптар чек арадагы өткөрмө жайлардын иши тууралуу да сөз кылып, анын ичинен “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышы соода байланышын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.