Ал акыркы учурда өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлгөнүн белгилеп: “Алардан жарандар көп жабыркап, айрыкча ишкерлер зыян тартып келишкен. Акыркы 30 жылда криминалдар кеңири кулачын жайып, өнүккөнү баарыбызга белгилүү. Бирок мындан ары Кыргызстанда криминал менен алектенип, кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөргө катуу чаралар көрүлөт. Коомубузда “каралар” жана “каралар дүйнөсү” деген түшүнүк болбойт. Андайлардын эл арасында эркин басып жүрүүсүнө бөгөт коюлуп, кылмышкерлер аёосуз жазаланат. Депутаттар да тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, уюшкан кылмыштуулукка каршы жазаларды күчөтүү боюнча тийиштүү жумуштарды алып барат”, – деди.
Президент Садыр Жапаров диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлер менен жыйын...