Нурланбек Шакиев: «Желек өзгөрбөйт, эч кандай жаңы элементтер болбойт»

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында тууну өзгөртүү сунушу айрым депутаттардын талкуусуна түштү.

«Желектен башкасын эле жасайлычы. Башка иштер кокодон болуп турат. Тууга тийбей эле коёлу. Эгерде желектеги нурду арбайтып-тарбайтып койсок, ал «лопух» болуп калат. Кыргызчасы уйгак», — деди депутат Мирлан Самыйкожо.

Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жооп кылды. «Ал жерде туу өзгөрбөйт. Жаңы элементтер болбойт. Кечээ туунун авторлору менен жолуктук, өздөрү да «баштапкы желек мындай эмес болчу, биз тааныбай калдык» дешти. Максат — баштапкысына түздөп алып келүү», — деди спикер.