Нурланбек Шакиев: «Кыргызстан Беларуска айыл чарба продуктуларын экспорттоого кызыкдар»

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту. Алгач парламент жетекчилери тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Нурланбек Шакиев Кыргыз Республикасы Беларусь Республикасы менен достук мамилелерди чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп: “Быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толот. Андыктан, мындан ары да калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, айрыкча парламенттер аралык байланышты өнүктүрүшүбүз керек. Айрыкча, депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин ортосундагы кызматташтыкты арттырып, эл аралык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүктү да өрчүтүшүбүз шарт”, – деди.

Муну менен катар эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү ортодогу мүмкүнчүлүккө толук жооп бербестигин белгилеген Нурланбек Шакиев Кыргызстан Беларусь мамлекетине айыл чарба продуктуларын экспорттоого кызыкдар экендигин кошумчалады. Андан тышкары, маданият жана билим берүү жаатында да жигердүү кызматташуу зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Наталья Кочанова кезинде эки өлкө бир мамлекеттин курамында жашаганын белгилеп: “Биздин тарыхый байланыштарыбыз терең. Улуу Ата Мекендик согуш маалында миңдеген кыргызстандык жоокерлер Беларусь жергесин душмандардан коргоп, баатырларча курман болушкан. Алардын эрдигин эч качан унутпайбыз”, – деди. Ошондой эле өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүп, мамлекеттер ортосунда жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу зарылчылыгын айткан Наталья Кочанова: “Эки өлкө кабыл алган бардык келишимдер мамилелерибизди бекемдеп, мамлекеттерибиздин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”, – деп билдирди. Муну менен катар жарандар ортосунда тыгыз байланышты камсыздоо үчүн түз аба каттамдарын ачуу зарылчылыгына токтолуп, саламаттыкты сактоо жаатында да кызматташуу артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.

Ал эми Владимир Андрейченко эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар тууралуу сөз кылып, Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмдөрүсүз киргизүүгө байланыштуу Евразиялык экономикалык биримдик тарабынан бекитилген квотанын санын көбөйтүү демилгесин колдой тургандыктарын билдирди. Мындан сырткары, баарлашуу маалында айыл чарба жана тоо кен өнөр жайына керектүү техникаларды Кыргызстанга экспорттоо мүмкүнчүлүгү да көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын ортосунда парламенттер аралык кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду.