Нурланбек Шакиев Кытайдагы өндүрүштүк жайларга барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдагы расмий сапарынын алкагында өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен да таанышты.

Анын ичинен төрага Циндао шаарындагы темир жол транспортторун чыгаруучу ишканага барды. Алсак, 1900-жылы ачылган тарыхы узак ишкана азыркы тапта заманбап темир жол унааларын, алардын катарында жаңы муундагы ыкчам жүрүүчү “Фусин” поезддерин жасап чыгарат. Ылдамдыгы саатына 350 чакырымды түзгөн заманбап поезддер Кытайда гана эмес, дүйнөнүн алдыңкы калааларында колдонулууда.

Ишканадагы өндүрүштүк процессти көрүп жатып, төрага Нурланбек Шакиев учурда долбоорлонуп жаткан жаңы заманбап поезддер тууралуу да маалымат алды. Алсак, азыркы тапта заводдо суутектин негизинде иштей турган алгачкы Cinova h2 аталышындагы заманбап поезддер жасалууда. Анын ылдымдыгы саатына 200 чакырымды түзүп, шаар аралык каттамдарда колдонуулары күтүлүүдө. Ал тургай заводдун жетекчилери келечекте ылдамдыгы саатына 600-650 чакырымды түзө турган жаңы поезддерди чыгаруу максатталганын да кошумчалашты.

Төрага Нурланбек Шакиев изденип иштеп, талыкпай эмгектенген кытай элинин учурдагы дараметин ушундай өндүрүштүк жайларынан көрүүгө болорун айтып, дүйнө элинин катарында кыргызстандыктар да кытайлыктар менен тажрыйба алмашып, кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстанда акыркы жылдары темир жол каттамдарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын мисал кылган төрага бул жаатта кытайлык өнөктөштүрдүн тажрыйбасынан өрнөк алуу өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.

Муну менен катар быйыл Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча негизги макулдашуулардын бирине кол коюлганын эске салган Жогорку Кеңештин төрагасы: “Бул темир жол аталган үч өлкө үчүн эле эмес, башка өлкөлөр үчүн да пайдалуу болуп, мамлекеттер аралык эле эмес, континенттер аралык соода байланышын чыңдоого да көмөкчү болору анык”, — деген пикирин билдирди.