Нурланбек Шакиев Мажарстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Төрага Нурланбек Шакиев Мажарстандын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алды.

Шакиев өткөн айда Мажарстанга жасаган расмий иш сапары ийгиликтүү болгонун белгилеп: “Эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алакаларды, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн иш сапарды уюштурууга сиз элчи катары өзгөчө көмөк көрсөттүңүз”, – деди. Ошондой эле Улуттук Ассамблеясынын төрагасы, ошол тапта президенттин милдетин аткарып жаткан Ласло Кёвер менен өткөрүлгөн жолугушуу жемиштүү болгонун белгилеген Нурланбек Шакиев ушундай эки тараптуу иш сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, 2025-жылы Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Ласло Кёвер баштаган парламенттик делегацияны Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырганын эске салды.

Өз кезегинде элчи да Жогорку Кеңештин төрагасынын расмий иш сапары кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө көмөкчү болгонун белгилеп, анда айтылган бардык демилгелерди ишке ашырууга элчи катары өзгөчө көңүл бурарын билдирди. Ошондой эле элчилик тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолгон Дороги билим берүү жана миграция жаатындагы алакалар тууралуу да сөз кылды. “Азыркы тапта Мажарстанда көптөгөн кыргызстандыктар окуп жана иштеп жатышат. Эгер Кыргызстан кааласа, студенттер үчүн чегерилген квотаны дагы көбөйтүү маселесин карап чыгууга даярбыз”, – деди элчи.

Муну менен катар маданий алакалар боюнча да пикирин айткан Шандор Дороги белгилүү мажар түркологу Коңур Мандокинин китебин чыгаруу жана Мажарстандын чыгыш таануучуларынын көргөзмөсүн Кыргызстандын аймактарында өткөрүү планы боюнча да учкай кеп кылды. Мындан сырткары, Мажарстандагы Балатон көлүнүн инфратүзүмүнө тиешелүү тажрыйбаларды Ысык-Көлдө да жайылтуу боюнча долбоорлор каралып жатканын маалымдады.