«Чек арадагы жүк ташуучулардын маселесин чечүү башкы маселе». Шакиев Ашимбаев менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда соода-экономикалык алакалар тууралуу да сөз болуп, Нурланбек Шакиев Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Казакстандын Өкмөтүнө жакынкы аралыкта соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасы коюлганын белгиледи. Алсак, 2022-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,2 миллиард долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13,8 пайызгага өскөн. «Бул жетишкендиктер менен токтоп калбашыбыз керек. Кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Ошондой эле «Чолпон-Ата — Алматы» автожолун куруу менен туристтик мүмкүнчүлүктөрдү дагы кеңейте алабыз. Муну менен катар кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын маселелерин чечүү, Казакстандын аймагы аркылуу жүк агымдарынын өтүүсүнө байланышкан тоскоолдуктарды да болтурбоо башкы маселе», — деген Нурланбек Шакиев Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын эске алып, жеңилдиктер берилерине ишенерин кошумчалады.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев Казакстанда эмгектенген Кыргыз жарандары үчүн 2012-жылкы мамлекеттер аралык келишимдин негизинде жеңилдиктерди берүү маселеси каралып жатканын маалымдады. Ал санариптештирүү, IT технология, инвестиция жаатындагы байланыштарды арттыруу, мыйзам чыгаруу багытында тажрыйба алмашуу маселелерин көтөрүп, кыргызстандык IT компаниялар Казакстанда ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Муну менен катар өзү Алматы облусунда туулуп-өскөнүн, бала чагынан Ысык-Көлдө эс алып чоңойгонун айтып, келечектеги «Алматы — Чолпон-Ата» автожолу Кыргызстанга барган казакстандык туристтердин санынын көбөйүшүнө көмөкчү болорун кошумчалады.