Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы менен жолукту

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Жолугушууда боордош эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Нурланбек Шакиев расмий иш сапар менен келүүгө чакырып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Танзила Нарбаевага ыраазычылык билдирди.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин калыптанган кызматташтыгын улантуу бабалардан калган баалуу вазыйпабыз. Аыркы жылдары кызматташтыкты кеңейтип, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга басым жасалууда. Алсак, жакынкы аралыкта эле мамлекеттик органдардын жетекчилери ортосунда түрдүү багыттагы алтымыштан ашуун жолугушуу өттү. Бул коңшулаш жашаган эки өлкөнүн алакасынын артып жаткандыгынын далили”, – деди. Муну менен катар эки өлкөнүн байланышын чыңдоодо парламенттердин ролу чоң экенин айткан Жогорку Кеңештин төрагасы: “Биз алакаларды арттырууга багытталган бардык маселени талкуулап, кеңешип чечкенге кызыкдарбыз”, – деп кошумчалады.

Соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү максатталганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Бирок бул чек эмес. Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Чек арадагы өткөрмө жайларынын ачылышы, сентябрдан тарта ID-карта аркылуу эле чек арадан өтүү тартибинин киргизилиши байланышты дагы да күчөтөрү анык”, – деди. Билим берүү жаатында да жылыштар арбын экенин айткан төрага көптөгөн өзбекстандык студенттер Кыргызстандын университеттеринде ийгиликтүү окуп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Сенаттын төрайымы Кыргызстан Өзбекстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин билдирип, салт-санаа, үрп-адаты, тили, дини окшош эки элдин алакасын арттыруу башкы максат экенине токтолду. “Саясий-экономикалык кызматташтык менен катар маданий байланыштарыбыз да жигердүү өнүгүүдө. Алсак, быйыл улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Өзбекстан Республикасында бир катар маарекелик иш-чаралар өтүүдө”, – деди Танзила Нарбаева.

Ошондой эле Өзбекстанда 300 миңден ашуун кыргыз улутундагы жарандар жашарын айткан Сенаттын төрайымы кыргыз диаспорасы эң активдүү экенин кошумчалады. Баарлашууда туризм жаатындагы кызматташтык тууралуу да сөз болуп, Танзила Нарбаева бала чагында Арстанбапка келип, эс алып кеткенин эске салды. “Кыргызстандын кооз жаратылышы жана көркөм табияты өзбекстандыктарды өтө кызыктырат. Андыктан, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтип, эки тараптуу каттамдарды көбөйтүшүбүз зарыл”, – деди төрайым.

Жолугушуунун соңунда төрага Нурланбек Шакиев Танзила Нарбаеванын коштоосунда Сенаттын ишмердүүлүгү менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.