Нурланбек Шакиев парламенттин аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Аппаратынын жетекчилери, бөлүмдөрдүн жана катчылыктардын башчылары, ошондой эле алардын орун басарлары менен атайын жыйын өткөрдү.

Анда Жогорку Кеңештин IV сессиясынын башталышына карата даярдыктар талкууланып, Аппараттын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү багытындагы сунуш-пикирлер айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев Аппараттын кесипкөй иши жалпы мыйзам чыгаруу органынын ийгиликтүү иштешине түздөн-түз таасирин тийгизерин белгилеп: “Парламентте каралып жаткан маселелер боюнча бардык керектүү маалыматтарды жана материалдарды сапаттуу даярдап, ар бир кызматкер сааттын жебесиндей ыкчам иш алып барышы кажет”, – деди.

Ошондой эле тартип жана ишке болгон жоопкерчилик өтө маанилүү экенине токтолгон төрага бардык бөлүм өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарышы керектигин кошумчалады.

Муну менен катар тармактык комитеттердин ишин активдештирүүгө чакырган Нурланбек Шакиев: “Бардык маселе алгач комитеттерде каралат. Андыктан, ар бир мыйзам долбоору комитеттердин жыйынында толук, ар тараптуу иликтенип кабыл алынгандан кийин парламенттин жалпы жыйынына чыгарылышы шарт. Ошондо натыйжалуу иштеп, убакытты да үнөмдөй алабыз”, – деп белгиледи.