Нурланбек Шакиев Ташкент шаарындагы монументке гүлчамбар койду

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстандагы расмий иш сапары Ташкент шаарындагы «Эгемендүүлүк» монументине гүлчамбар коюу менен башталды. Тынчтыкты, бакубатчылыкты жана эркиндикти даңазалаган “Эгемендүүлүк” монументи “Жаңы Өзбекстан” паркында жайгашкан.

Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстандагы расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. Ал эми делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.