Нурланбек Шакиев “Терек-Таш” клинкер өндүрүүчү заводдун ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында курулган “Терек-Таш” клинкер өндүрүүчү заводдун жана башка өндүрүштүк-социалдык багыттагы ишканалардын ачылышына катышты.

Салтанатта президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүк майрамына, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бир катар өндүрүштүк жайларды ачуу максатталганын белгилеп: “Бүгүн биз жаңы завод-фабрикаларды гана ачпастан, өлкөбүздүн өнөр жайында көз карандысыздыкты камсыздаган жаңы доордун башталышын ачып жатабыз. Бул ишканалар жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканын өсүшүнө, элдин жашоо-шартынын жакшырышына жана өлкөбүздүн технологиялык деңгээлинин көтөрүлүшүнө зор салым кошот”, – деди.

Андан соң төрага Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүштүк процесске күбө болушту. Алсак, аталган “Терек-Таш” заводун салуу боюнча инвестициялык макулдашууга 2022-жылдын 6-сентябрында кол коюлуп, курулуш иштери башталган. Бүгүн ишке берилип жаткан заводдон жылына 1,2 миллион тонна клинкер, 1,7 миллион тонна цемент чыгарылары күтүлүүдө.