Жекшемби, 25.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын жана Ирландиянын парламентинин Общиналар палатасынын төрагасы менен жолукту

21:51 06.03.2024
0
Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын жана Ирландиянын парламентинин Общиналар палатасынын төрагасы менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Парламентинин Общиналар палатасынын төрагасы Линдси Харви Хойл менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев Кыргызстандын тышкы саясатында Улуу Британия менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоо артыкчылыкка ээ экенин белгилеп: “Айрыкча, Жогорку Кеңеш үчүн Улуу Британиянын парламентаризм жаатындагы тажрыйбасы чоң үлгү. Андыктан, демократиялык баалуулуктарды жактаган өлкөнүн башкы бийлик бутагы катары сиздер менен жакындан иш алып барууга кызыкдарбыз. Акыркы жылдары депутаттарыбыздын ортосунда жолугушуулар байма-бай өтүп, жигердүү кызматташып келебиз. Ал эми бул парламенттик делегациянын тарыхый иш сапары мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз”, – деди.

Ушундай эле пикирге токтолгон Общиналар палатасынын тѳрагасы Линдси Харви Хойл бул жолугушуу жемиштүү кызматташтыктын башталышы экенин кошумчалап: “Сиздин бул расмий сапарыңыз биз үчүн өтө маанилүү”, – деди. Муну менен катар Улуу Британиянын айыл чарба тармагында эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, өз өлкөсүнүн атынан ыраазычылык билдирди. “Кызматташтыкты арттырууга өбөлгө түзө турган мүмкүнчүлүктөр өтө арбын. Андыктан, билим берүү, айыл чарба, тоо кен, кайра иштетүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, соода-экономикалык алакаларды чыңдоо менен чоң жетишкендиктерге жетишебиз”, – деди Линдси Харви Хойл.

Улуу Британиянын Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинин тѳрайымы Алисия Кернстин Кыргызстандагы иш сапары ийгиликтүү болгонун эске салган Линдси Харви Хойл: “Алисия Кернс айым Кыргызстанга Борбор Азиядагы эң демократиялык өлкө катары баа берип, сөзсүз кызматташуу керектигин айтып келди”, – деди. Ошондой эле дүйнөдөгү кырдаал тууралуу да сөз кылган Общиналар палатасынын тѳрагасы Кыргызстан туруктуулукту жана тынчтыкты коргоо жаатында да өз салымын кошоруна ишенерин билдирди.

Нурланбек Шакиев кыргызстандыктардын Улуу Британияда эмгектенүүсүнө түзүлгөн шарт жакшы экенине өзү күбө болгонун билдирип, бул жааттагы көрсөтүлүп жаткан колдоолорго ыраазычылыгын айтты. Мындан сырткары, жолугушууда инвестиция жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Жогорку Кеңештин төрагасы гидроэнергетика жана тоо кен иштетүү тармактарында Кыргызстандын потенциалы чоң экенин билдирип: “Акыркы жылдары ири реформалар ишке ашырылып, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү. Айрыкча инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттарды жакшыртуу жаатында алгылыктуу иштер аткарылды. Андыктан, Улуу Британиянын инвесторлорун Кыргызстанда иш алып барууга чакырабыз”, – деди.

Айтылган бардык сунуш-пикирди эске аларын белгилеген Общиналар палатасынын тѳрагасы тиешелүү комитеттерге тапшырмалар берилип, керектүү иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады. Анын ичинен экологияга зыян алып келбеген заманбап технологияларды Кыргызстандагы өндүрүштөрдө колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча иш алып баруу зарылчылыгына токтолду.

Жолугушуунун соңунда Нурланбек Шакиев Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

 

1 / 9
- +

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Автор Эдита Ильясова
10:26 29.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

11:01 25.01.2026
Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

11:01 25.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү