Өлкө башчысы: «Абсамат Масалиев ашыкча дөөлөт, байлык күтпөгөн, принципиалдуу, кара кылды как жарган адам болгон»

Абсамат Масалиевдин ысымы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө тазалык менен аруулуктун, абийир менен ар-намыстын, элге адилет кызмат кылуунун символу катары сакталып калат”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чарада сүйлөп жатып, белгиледи.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты:
Абсамат Масалиев катардагы шахта кызматкеринен мамлекет башчысына чейинки ары ардактуу, ары жоопкерчиликтүү жолду басып өттү. Бир чети замандаш, бир чети кесиптеш болуп, партиялык кызмат чөйрөсүндө чогуу иштегендер аны тоо-кен өнөр жай тармагынын бирден-бир мыкты адиси, катаал жолдо такшалган партиялык жетекчи, караламан калктын калың катмарына жакын адам, ашыкча дөөлөт, байлык күтпөгөн, принципиалдуу, кара кылды как жарган чынчыл атуул болгонун баса айтуу менен, абдан урматтап эскерип келишет. Алардын айрымдары мына бүгүн арабызда отурасыздар.
Абсамат Масалиевдин Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары, КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү, Жогорку Советтин Төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү болуп турган учурун көбүңүздөр жакшы билесиздер, өтө татаал, өтө катаал эки доордун тогошуп жаткан кези болчу. Мына ушундай ары кооптуу, ары жооптуу кырдаалда да Абсамат Масалиев салабатынан жазбай, саясий кыраакылыгы менен эл көйгөйүн илгиртпей түшүнүп, көптөгөн кыйынчылыктарды алдын ала көрө билген. Масалиевдин ишмердиги кайра куруу дооруна туш келип, кийин совет бийлиги кулагандан кийин Кыргызстан эгемендигин алып, менчиктештирүү башталганда ошол жерде эл кызыкчылыгын эске алууга катуу үндөгөн, “калпыстык болуп кетпесин, байлык тең бөлүнсүн, бай-кедей болуп бөлүнүүгө жол бербейли” деген философияны бекем карманган. Ал эми парламентарий катары өзүн көрсөтүп, кен байлыктарды таратууда болобу, менчиктештирүүдө болобу, кандай гана олуттуу маселеде болбосун, жалпы кыргыз калкынын калың катмарынын кызыкчылыгы эске алынышы керек деп ураан чакырып турган.
Баса белгилеп айта кетүүчү сөз, Абсамат Масалиевдин тушунда 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары атайын мыйзамдын кабыл алынышы тарыхый мааниси бар окуя болгондугун эч ким тана албайт. Мына ошол Жогорку Советтин жыйынындагы тарыхый окуяда Абсамат ага “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды кабыл алууга бардык негиз бар экенин айтып, кыргыз тилинин кабыл алынышы менен эл чарбасы бир топ жакшы адистерден кол жууйт дегендей болбогон шылтоолорду четке каккандыгы азыр да жалпы журтка кеңири маалым. Ал эми Жогорку Советтин Төрагасы болуп иштеп турган маалда өз тагдырын эл тагдыры менен өзөктөш караган кыргыз парламентинин тарыхындагы эң жаркын атуулдардын башында турган. Ошол сыноого салган мезгилдер аны чындап чыйралтып, качан, кайда, кандай кызматтарда турбасын, жан дилин төшөп иштей турган чыныгы мамлекеттик кызматкер болгонун аны тааныгандардын баары айтып, эскерип келишет.
Абсамат Масалиев, айрыкча, Исхак Раззаковду пир тутар эле дейт анын санаалаштары. Раззаковдун терең ойчул, жетик жетекчи, таасын айтып так жүргөн кыраакы саясатчы экенин, кыскасы анын уңгулуу касиеттерин урматтоо менен уулуна Исхак деген ысымды ыйгарган экен. Ага болгон күчтүү сый-урматы менен Абсамат аке өмүрүнүн аягына чейин Исхак Раззаков атындагы фондду жетектеп турган. Ал Кыргызстандын өнүгүп-өсүп кетишине бараандуу салым кошо алды. Кыргызстанды жетектеп турган жылдары экономиканын бардык тармактарында туруктуу өсүштөр болгон. Курулуш тармагы жанданган, натыйжада көптөгөн мектептер жана башка социалдык объекттер курулган. Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводу курула баштаган”.