Өлкө башчысы: «Мен бийликке келгенде 111 миң үй-бүлө жакыр жашачу, азыр 81 миң үй-бүлө калды»

«Кабар» өлкө башчысы Садыр Жапаровго бир катар суроо менен кайрылып, маек курду. Анда Кыргызстанда чыгарылып жаткан паспорт, акциздик маркалар, коррупциялык көрүнүштөр, Шамбесай кени, Апрель окуясынын катышуучуларына курулчу фабрика, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушу тууралуу сөз болду.

— Коррупциялык көрүнүштөрдүн жоюлушу мамлекеттик казынанын көбөйүшүнө таасир этет. Акыркы жылдары бюджеттин кирешеси көбөйгөнүн жүздөгөн социалдык, инфраструктуралык обьектилердин салынышы, миңдеген техникалардын алынышы таасын көрсөтүп турат. Ошол эле учурда жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн саны дагы деле көп экени айтылып келет. Калктын аялуу катмарын азайтуу багытында кандай иштер аткарылууда?

— Ооба, туура айтасыз. Бизде жакыр жашаган үй-бүлөлөр көп. Мен бийлик башына келген убакта 111 миң үй-бүлө жакыр жашайт эле. Мамлекеттен жөлөкпул жардам берилип турган экен. Азыр алардын саны кыскарып, 81 миң үй-бүлө калды. Кудай буюрса, алдыда келе жаткан 5-10 жылда баарын жоёбуз деген планыбыз бар. Былтыр 10 миң үй-бүлөгө жүз миң сомдон жардам берилсе, быйыл 2024-жылдын аягына чейин 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон жардам беребиз. Ушинтип жылда улантып жүрүп олтуруп, Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүктү жок кылабыз.