Өлкөдөгү 5-6 сайт эмне үчүн Садыр Жапаровду жек көрүшөт? Өзүнүн жообу

Президент Садыр Жапаровго «Кабар» агенттигинин журналисти «Сиздин саясатыңызга каршы 5-6 сайт бар. Алар эмне үчүн сизге каршы?» деген суроо узаткан.

«Так кесе эле жооп берейин. Мурда ошолордун баары «Кумтөр», «Мегаком», аэропорттон акча алып турушкан. Мен бийликке келерим менен токтотуп койгом. Эмне үчүн жеке сайттарды мамлекеттик ишканалар багыш керек? Алды 20 миллион сом, арты 2-3 миллион сомдон жылына алышчу экен. Элдин, мамлекеттин акчасы эл үчүн иштеш керек деп кесип салгам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин алардын баары мени жек көрүшөт. Ошол үчүн жакшы иштерди көрүшсө дагы көргүлөрү келбейт. Мен аларга көңүл деле бурбайм» — деп жооп берди өлкө башчы.