Өлкөнүн эгемендик тарыхында биринчи жолу башталган темир жолдун курулушу 2030-жылы бүтүрүлгөнү жатат

Президент Садыр Жапаров кечээ, 31-мартта Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу өлкөнүн келечеги үчүн чоң мааниге ээ болгон жаңы темир жол түйүнүнүн негизин түзөрүн белгиледи.

«Советтер союзу таркагандан кийин Кыргызстан эгемендикке ээ болуп, кыргыз темир жолу мекемеси түзүлгөндөн тарта бир дагы чакырым жаңы темир жол курулган эмес. Бүгүнкү күндө Кара-Кече кенинен казылган көмүр автотранспорт менен Балыкчыдагы станцияга жеткирилет. Андан ары темир жол аркылуу Бишкекке жана республиканын түндүгүндөгү башка калктуу пункттарга ташылат. Автотранспорт менен ташууда көмүрдүн баасы бир кыйла өсүп кетет. Ага кошумча Кара-Кечеден каттаган жүк ташуучу унаалар  жолдорду бузууда. Аталган долбоор биринчи кезекте Бишкек шаарынын калкын жана Бишкек жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылууда Кара-Кечеден көмүр ташуу үчүн эң арзан жол болуп саналат», — деди президент.

“Кыргыз темир жолу” учурда “Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече” 186 чакырымдык темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Анын биринчи этабы катары узундугу 63 чакырымды түзгөн “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун участогун куруу пландалууда. Учурда темир жол линиясынын 500 метри төшөлдү. Жылдын аягына чейин 5 чакырымга чейин темир жолду төшөө күтүлүүдө. Жолдун 5 чакырымдык үстүнкү конструкциясын төшөө үчүн бардык керектүү материалдар бар. 2030-жылга темир жолду толук бүтүрүп, ишке киргизүү күтүлүүдө. Долбоор учурда кошумча инвестиция тартылбастан, өз каражаттардын эсебинен ишке ашырылууда.