Өмүрбек Суваналиев: «Бүгүнкү күндө, ооба, Матраимов менен криминалдын таасири бар»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө саясатчы Өмүрбек Суваналиев маек берди. Ал үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлык кызматынан ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан бошотулган эле. Маалыматы бар адам катары ал бүгүнкү күндө деле бийликке, жалпы өлкөнүн жашоосуна Көлбаев-Матраимов биримдигинин таасири бардыгын айтат.

«Райымбек Матраимовду АКШ «Магнитскийдин тизмесине» киргизип жатса бүгүнкү бийлик ойлонушу керек. Бул тамаша эмес. «Мекеним Кыргызстан», дегеле саясатчылар, чиновниктер бул маселе боюнча позициясын ачыкташ керек. Камчы Көлбаев буга чейин эле «Братский круг» менен бул кара тизмеге кирген. Эми бул эки иш кошулат. Ошондуктан бүгүнкү саясатчылар «эти бир жакка, чымындары бир жакка» деген сыңары иргелүүлөрү керек. Же Матраимов тарапта, же экинчи тарапта болуп… Бүгүнкү күндө, ооба, Матраимов менен ОПГнын таасири бар. Эмне себептен элдин үмүтү Садыр Жапаровдо болуп жатат? Анткени анын Матраимовдор кланына эч тиешеси жок. Анткени Садыр Жапаров түрмөдө отурганда Матраимовдор үчүн ал адамдын эч бир кызыгы жок болчу. Учурда Садыр Жапаровдун президент болору түшүнүктүү эле болуп калды. 10-январдан кийин криминал, коррупция, акча адалдоо, баңгисоода менен күрөштүн 2-этабы, катуу этабы башталат»,- дейт генерал Суваналиев.