Өмүрбек Текебаев: «Мага кол салгандардын башчыларын Садыр Жапаров таап, камашы керек»

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгонун анын жардамчысы жазып чыккан эле. Саясатчы окуя боюнча журналисттерге айтып берди.

«Менин көз айнегим менен телефонум бар эле. Эми анык ким алып кеткенин билбейм. Камералардан көрүнөт. Көчөдө тартканга аракет кылган кишилердин дагы телефондорун жулуп, алып кетишти. «Автобуска салып кетебиз, анан ошол жактан сүйлөшөбүз» дешти. Ары-бери түртүшүп атканда адамдар пайда болду, телефон менен тарткандар пайда болду. Бет капчан болсо да таанылып калабыз, үнүбүздөн таанып калышат деп, телефондорун жулуп алды. Меникин да алып кетишти. Алар бусиктер менен келишиптир. Бирөө багыт берди да, ким багыт берет, күч органдары да. Анан коркутканга аракет кылышты. Алар бүгүнкү бийликти колдойт экен. Эл тандап алды деди. Кимди колдойсуң десе, айтпады. Демек, ал саясат жактан сабаттуу адам. Бир, эки башчысы бар экен, калгандары бытырап эле жүрүштү. Ошолор качкандан кийин калгандары «байке, байке» деп эле туруп калышты. Садыр Жапаров ошол башчыларын таап камаш керек», — деди ал.