Өмүрбек Текебаев шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жана бул массалык бурмалоо экенин билдирди. Анын айтымында, миңдеген добуштар уурдалган. Ошондой эле партиянын башчысы добуштарды тез арада кол менен санап чыгуу керектигин айтты. «Көп шайлоону көргөм, бирок мындай шайлоону көргөн эмесмин», — дейт Текебаев.

«Ата мекенчилер» партиянын добушу 63 миңден 41 миңге түшүп кеткенине нааразы болуп жатышат.