«Орусиядагы айрым Кыргыз жарандары башка өлкөлөрдөн иш издеп башташты». Министр Казакбаев «Немис толкуну» радиосуна маек берди

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германияда жүргөн иш сапарында «Немис толкуну» («Deutsche Welle») радиосуна маек берип, Украинадагы кырдаал, Орусияга салынган санкциялардын Кыргызстанга тийгизип жаткан таасири, Орусияда иштеген Кыргыз жарандары тууралуу суроолорго жооп берди.

Министр орус-украин мамилесинде Кыргызстан кандай позицияда экенин айтып өттү. «Биз биринчи күндөн тарта бул конфликттин бир гана саясий-дипломатиялык жол менен чечилишин айтып жатабыз. Биз бири-бирибизди уга билип, түшүнө билишибиз зарыл. Анткени дүйнө катастрофанын чегинде турат, балким, үчүнчү дүйнөлүк согуштун чегинде турат», — деди Руслан Казакбаев.

Министр Орусияда эмгектенген Кыргыз жарандары Украинадагы кырдаалдан улам башка өлкөлөрдө иш издеп баштаганын да билдирди. «Орусияда 1 миллиондой мекендешибиз бар. Алар жылына өлкөнүн экономикасына 2 миллиард доллардан ашуун акча каражатын жөнөтүшөт. Эгерде санкцияларга байланыштуу Орусияда абал оорлой баштаса, биздин жарандарда да белгилүү бир кыйынчылыктар жаралат. Бул биринчи орунда жумуш орундарына тийиштүү болот. Себеби акыркы учурда өнөр жайлар жабылып баштаганын угуп жатабыз. Бул баарынан мурда чет өлкөлүк компанияларда болуп жатат дешкени менен, ал жерлерде деле Кыргыз жарандары жетиштүү санда иштешет. Орусияда эмгектенген мекендештерибиздин айрым бир бөлүгү азыр жашаган жерин өзгөртүүнү каалап жатышканын, башка өлкөлөрдө иш издеп башташканын айтышууда», — деди Руслан Казакбаев.