Орусиянын 11 аскер кызматчысы президенттин энчилүү сааттары менен сыйланышты

Орусиянын 11 аскер кызматчысы президенттин энчилүү сааттары менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-апрелден 3-апрелге чейин Кыргызстанда «Коопсуздук-2021» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар болуп өттү. Анын жүрүшүндө республиканын аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн жолун тосуу жана жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция өткөрүлгөн.

Резервдеги роталарды практикалык мобилизациялоо менен согуш абалы жана өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар иштелип чыкты, аскердик ок атуулар өткөрүлдү.

«Машыгууларга 2 миңден ашык адам тартылып,  болжол менен 100 автомобилдик, бронетанкалык бирдик жана атайын техникалар, 20 артиллериялык система колдонулуп, 10 учак катышты. Машыгууга Орусиянын Коргоо министрлигинин 20022-аскердик бөлүгүнүн аскер кызматчылары  да катышты. Бардык катышуучулар жогорку күжүрмөн даярдыкты, ырааттуу координацияланган ишти жана сабаттуу жана чечкиндүү иш алып баруу жөндөмүн көрсөтүштү. Машыгуунун жыйынтыгында Орусиянын 11 аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты. Сыйлык тапшыруу аземи Кант авиабазасында Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү», — деп айтылат маалыматта.