Орусиянын президенти “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүүнү караштырып жатышканын айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан маалымат таратышты.

Анда Путин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер бекемделип, өнүгүп жаткандыгын белгиледи. «Орусия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ишенимдүү ээлеп турат. Тилекке каршы, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен соода бир топ төмөндөдү. Бирок ушул жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүү 6 пайызга жогорулаганын байкадык. Мындай жакшы тенденцияны активдүү иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиянын жардамы менен сактап калуубуз кажет. Биз ошондой эле пандемияга каршы өз ара байланышып, күрөшүп жатабыз. Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, вируска каршы дары-дармектерди жана вакциналарды жеткирүүдө колдоп келген жана мындан ары да колдоону көздөп жатат. Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат», — деп айтты Орусиянын президенти.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров Орусия тарапка коронавирус инфекциясы пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөткөндүгү үчүн да өзгөчө ыраазычылыгын айтты.