Ошто шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен митинг болуп өттү

Ошто «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү кайрадан митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшту. Алардын айтымында, жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзам бузуу, добуштарды сатып алуу менен өткөн.

“Биз Ош шаарындагы шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылабыз. Сүрөт, видеодогу далилдери көрүп, күнөөлүүлөрдү аныктагыла. Биздин үнүбүздү бийлик укканга чейин митингге чыга беребиз”, — дешти алар.

Алар он күндөн бери митингге чыкпай, эми чыгып жатканын Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин күткөнү менен түшүндүрүштү. «Мыйзам бузуулар менен болгон шайлоону жокко чыгарат деген үмүт менен 8 партия биригип, күттүк. Бирок булар «эскертүү бердик», «факты жок» деген сөз менен чектелип коюшту», — дейт иш-чаранын уюштуруучуларынын бири.

Алар шаардык кеңештерге шайлоо ыплас өткөнүн айтышып, шайлоону кайра дайындоону талап кылып жатышат. Чыгып сүйлөгөндөр президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге нааразычылыктарын билдиришүүдө.

«Биз Садыр Нургожоевичти ишенип шайлаган элек, үмүтүбүз чоң эле. Ташиевге да ишенгенбиз.  Мурунку шайлоолордо кичине ыйман бар экен, акчаны бекинип беришчү, кечээки шайлоодо ачык эле акча таратып жатышты. Мурунку президенттер «факты бергиле» деп атып өтүп кетишти. Эми деле факты сурашат. Азыр ЖМКларга чыгып жаткандар факты эмеспи? Кайра тасмага түшүргөндөрдү коркутуп, сөзүнөн кайтып жатышат», — деди иш чаранын катышуучуларынын бири.

Митингдин дагы бир катышуучусу Камчыбек Ташиевдин уулунун партиясы шайлоодо таза жол менен утканына күмөнүн билдирди.

«Бийлик от менен ойнобосун. Бул шайлоо биз үчүн жок, аны тааныгыбыз келбейт. Шайлоолор кайра өтсүн. Нуржан Шайлдабекова, БШКны бошотуңуз. Ар бир шайлоодо революция болуп жатканын көрүп туруп, дагы эле отурасыз. Кечээ шайлоодогудай ыпластыкты 20 жылдан бери көргөн эмеспиз.  Адамдардын укугун мынча тебелөөгө жол бергенге болобу? 48 пайыз өтө жогорку пайыз. Камчыбек Ташиевдин уулунун партиясы “Ата Журтум Кыргызстан” түзүлгөнүнө бир ай болуп туруп, ушунча добуш алат беле? Бул шайлоону жокко чыгарып, кайра башынан өткөрүп бериңиздер», — деди «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөсү Нурила Камилова.